Шаирбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди.
“Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган.