БШК: Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган жок
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арызын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жаза элек. Бул тууралуу Боршайкомдон "Азаттыкка" маалымдашты.
"БШК 16-февралдагы отурумунда сегиз маселе карайт, алардын ичинде депутаттын мандатынан баш тартуу боюнча арызын кароо маселеси жок", - деп билдирди БШК мүчөсү.
16-февралда бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартууга даяр экенин...