Башкы прокуратура УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады. Мекеме аны Аскер прокуратурасы кармаганын жана ушул тапта тергөө жүрүп жатканын билдирди. Кайсыл иш боюнча айып тагылганын тактаган жок.
Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал укук коргоо органынын эки кызматкеринин коштоосунда отурган сүрөтү тараган.