Жапаров Ташиев менен жолукканын, ал кызматка барбай турганын айтты
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди. Бул тууралуу ал 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.
“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей...