Добавить новость

УКМКнын Бишкек башкармалыгын мурдагы башчысы Жакыпбековдун кармалганы кабарланууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбековдун кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды. 14-февралда чыккан маалыматка караганда Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тергеген кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча Башкы прокуратура маалымат бере элек. Бишкек шаардык милициясы Жакыпбековго карата кылмыш ишин козгобогонун "Азаттыкка" билдирди.
Губернаторы России



Заголовки
Заголовки
Moscow.media
Ria.city

Новости России




Rss.plus

Музыкальные новости


Новости тенниса







Новости спорта