Дайырбек Орунбеков соцтармактарда Ташиевди каралоо жүрүп жатканын билдирди
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди жана анын жакындарын каралаган маалыматтар тарап жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал 14-февралда Фейсбук баракчасына жазды.
"Муну, кырдаалды атайын курчуткан чагымчылдык катары баалайбыз. Тиешелүү органдар иш алып барып жатат, жыйынтыгы чыкса, чагымчылдар жазаланат. Социалдык байланыш тармагында саясий кутум уюштуруп...