Орусияда маянасын ала албай жүргөн кыргызстандык 66 мигранттын акчасы төлөнүп берилди
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 66 кыргыз жараны айлык акысын алышты.
Министрликтин маалыматына караганда, жамааттык кайрылуунун негизинде кыргызстандык мигранттар иштеген “Газспецстрой” ишканасы менен тиешелүү иш-чаралар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргызстандыктар аталган ишканадан ала албай жүргөн айлык акысын толугу менен жалпы 1 млн рубль суммасында алышты.
Ошондой эле Р. З. аттуу кыргыз жаранына багуучусун...