Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Олимп чемпиону болду
Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Миландагы кышкы Олимп оюндарында алтын медалга ээ болду. Ал эркектер арасындагы жеке программада 291,58 упай топтоп, башка атаандаштарын артта калтырды.
21 жаштагы алматылык фигурист муз үстүндө мекендеши, казак ырчысы Димаш Кудайбергендин ырынын коштоосундагы бийди аткарды.
Михаил Шайдоровдун жеңиши бул спорт сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз болду. Себеби мелдеш алдында бул программада америкалык Илья Малинин жага жапониялык Юта Кагияма эң күчтүү атаандаштар катары сыпатталып жаткан.