АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келет
АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келет. Бул тууралуу 13-февралда АКШнын Казакстандагы жаңы элчиси Жули Стаффт билдирди.
"Биз Казакстанды Кытай көзөмөлдөгөн сейрек металл базарына альтернатива катары көрө алабызбы? Ооба", — деди элчи Стаффт "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.
Кызматына киришкенден бери Астанада алгач ирет журналисттер менен жолуккан Жули Стаффт эки өлкөнүн саясий жана коммерциялык мамилелери, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча суроолорго жооп берди.