Президент баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кармалгандардын арасынан биринчи жолу кылмыш жасагандарга мыйзамдуу негиздер болсо ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчы бул тууралуу 13-февралда мындай кылмыштар үчүн кармалгандардын жакындары менен жолугушууда айтып, бул үчүн шектүүлөрдүн туугандары расмий өтүнүч менен кайрылышы керектигин, ал белгиленген тартипте караларын кошумчалады.
Баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын, сот жообуна тартылгандардын...