Европада "Нильс" бороону үч адамдын өмүрүн алды
Европаны каптаган "Нильс" бороонунан улам кеминде үч адам каза болду. Бул тууралуу AFP агенттиги 13-февралда кабарлады.
Франциянын түштүк-батышында бороон маалында бир адамдын өмүрү кыйылганын өкмөттүн өкүлү Мод Брежон TF1 радиосуна билдирди.
Испанияда 46 жаштагы аял кампасынын чатыры кулап мерт болгон.
Мындан бир күн мурда Францияда жүрүп бараткан жүк ташуучу автоунаага бак кулап, айдоочусу ошол жерден мүрт кеткен.
Франция менен Испанияда бороондун кесепетинен дагы беш адам оор жаракат алды. Дагы ондогон адамдар жеңил жаракат алышкан.