Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев соңку күндөрдөгү саясий окуялар боюнча билдирүү таратып, өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди. Ал кырдаалды “туруктуулукту бузган окуялар” деп атады.
Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Садыр Жапаровдун Конституциялык сотко кайрылуусу маанилүү экенин белгилеп, алдыдагы шайлоодо каалаган жарандарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
“Сот бул маселе боюнча, өткөн жолку өлүм жазасы боюнча чечиминдей эле, юридикалык жактан дыкат такталган...