Жапаров үн катты, Ташиев Бишкекке кайтты
Президент Садыр Жапаров 13-февралда расмий интервью берип, Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал Жогорку Кеңештин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракеттер болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын билдирди.
Келерки президенттик шайлоодогу аны менен ыктымал атаандаштык жөнүндө да үн катып, каалаган адам саясий жарышка түшө аларын билдирди.