Добавить новость

Суусамырда көчкү алдында калган малчыны издөөгө 24 куткаруучу жөнөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Чүй облусунун Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калган жаранды издөө иштери уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу маалымат 13-февралга караган түнү аймактык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшүп, 49 жаштагы Д.А. аттуу жаран 50 баш кой жана бир аты менен көчкү алдында калганы айтылган. Мекеме билдиргендей, 24 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүү үчүн көчкү түшкөн жерге жөнөп кетишти. ӨКМ 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.
Губернаторы России



Заголовки
Заголовки
Moscow.media
Ria.city

Новости России




Rss.plus

Музыкальные новости


Новости тенниса







Новости спорта