Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук лабораториялык кызматын ачат
Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт. Бул тууралуу жыйын өткөнүн министрликтин басма сөз кызматы 13-февралда маалымат таратты.
Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу тууралуу сөз болду.