Казак прокуратурасы Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшерет
Казакстандын Башкы прокуратурасы куудул Нурлан Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшергени жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Галымжан Койгелдиев билдирди.
Куудул орус аскерлерине акча жөнөткөн болушу мүмкүн деген жүйө менен текшерилмекчи.
Казак мыйзамдарында чет жактардагы куралдуу жаңжалдарды каржылоо кылмыш болуп саналары айтылат. Тиешелүү беренеге ылайык айыптуу деп табылган адам 7-12 жылга кесилиши ыктымал.
Медианын жазганына караганда, текшерүүгө Истра шаарынын башчысы...