ЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды
Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды. Эми ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.
Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек.
Документти Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында экинчи окууда кабыл алган.