Депутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кеткени жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин айтты.
“Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды.