Депутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирип, аны соңку күндөрү чыңалган саясий кырдаалдын “курмандыгы” деп атады. Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында Тургунбек уулу кызматын тапшыруу боюнча расмий жарыялагандан кийин билдирди.
Талиева саясий кырдаалдын чыңалышына депутаттарды да айыптады.
“Тарых үчүн айтып коёлу. Бүгүн мүмкүн эл душманы көрөр же адилеттик айтканыбыз үчүн кодулоого каларбыз. Чоң саясатта жүрөбүзбү, чыдайбыз.