75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды
Ички иштер министрлиги массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалганын билдирди. Билдирүүдө "интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандын иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" деп айтылат.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.