Орусияда өзбек жараны "теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кесилди
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын аскердик соту өзбек жараны Жавохир Уткировду Ставрополь крайынын өкмөт үйүнө кол салуу даярдаган деген айып менен 20 жылга кести. Соттун телеграм-каналы кабарлагандай, алгачкы беш жылын ал түрмөдө, калганын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Андан тышкары Уткиров бир миллион рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Сот материалдарына караганда, 2023-жылдын январында жаздырган видео кайрылууда ал Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кызыкчылыгында аракет көрүүгө даярдыгын айткан.