75 адамдын кайрылуусу: Талгарбеков, Узакбаев жана Дыйканбаев кармалды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалганын билдирди.
Министрликтин 11-февралдагы маалыматында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу 75 адамдын аты-жөнү жазылган кайрылуусу өлкөдө коомдук саясий кырдаалды курчутканы белгиленген.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин...