Маркум Эгизбаевдин апасы уулунун өлүмү боюнча Мунарбек Сайпидиновдун айткандарын териштирүүнү суранды
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткандарына укуктук баа берилиши керек. Бул тууралуу маркум журналисттин энеси Жыпар Сариева Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо маалында билдирди.
Анын айтымында, Сайпидинов уулунун өлүмүнө байланыштуу маалыматы бар экенин айткандан бери ал укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп келген. Бирок бул билдирүү тууралуу эч...