Казакстандын Башкы прокуратурасы орусиялык активистти экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды
Казакстандын Башкы прокуратурасы абакта каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы кеңсесинин мурдагы кызматкери, орусиялык активист Юлия Емельянованы экстрадициялоо тууралуу Орусиянын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу "Орусиянын согушка каршы комитети" жана "Ковчег" адам укуктары долбоору кабарлашты.
Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандыруу жөнүндөгү чечим ага 29-январда тапшырылды. Адвокаты Искендер Алимбаевдин айтымында, чечимде процедуралык нормалар бузулган...