Байсалов Жапаров–Ташиев ажырымына 75 адамдын кайрылуусу негиз болгонун айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирди.
Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарып, Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын...