Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын иши боюнча жарыш сөз башталды
Шаардык соттогу териштирүү10-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланып, тараптардын жарыш сөзү башталды.
Журналисттин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлган айыптар негизсиз экенин айтышты.
Ишти караган судьянын башка да отуруму болгондуктан соттук жараянды улантуу 13-февралга калды.
Адвокат Акынбек Ногоев "Азаттыкка" буларды билдирди:
"Шаардык сотто Канышай Мамыркуловага карата козголгон мыйзамсыз, негизсиз иш боюнча жарыш сөзгө өттүк.