Башкы прокуратура кийиминдеги погондорду алуу боюнча УКМКнын сунушуна каршы чыкты
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) сунуштаган формалык кийимдердеги өзгөчө белгилерди алуу боюнча мыйзам долбоорго каршы. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, атайын кызмат сунуштап жаткан мыйзам долбоор прокурордук көзөмөлдүн көз карандысыздыгына доо кетирип...