УКМКнын төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткарат
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.
Мунун алдында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ...