Камчыбек Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экени билинди
10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиев учурда Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда жүрөт.
Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы”...