Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Сот мындай чечимди 10-февралда анын Биринчи май райондук сотунун чечимине апелляциялык арызын карагандан кийин кабыл алды.
Темирлан Султанбеков соттук териштирүү башталганга чейин журналисттерге өзүнүн камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, тергөө абагында укуктары бузулуп жатканына даттанды:
"Көрүп турасыздар, бул илгеркидей эле саясий куугунтук. Маалымат каражаттарына кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.