ЖК комитети гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 10-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.
Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек.