Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү узартылды
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 2-мартка чейин тергөө абагында калтырды. Мындай чечимди райондук сот 4-февралда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган.