Гонконг соту медиамагнат Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратты
Гонконгдун соту оппозициялык Apple Daily гезитинин негиздөөчүсү, медиамагнат Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратты. Кытайды сындап жүргөн миллиардер «чет өлкөлүк күчтөр менен кутумга» барган жана «бузуку» материал чыгарган деп айыпталды. Лай дооматтарды четке какты.
Соттун пикиринде, Лай басылманын кызматкерлери, активисттер менен чет өлкөлүктөрдөн турган түйүн аркылуу АКШ тарабынан санкция салуу, блокада киргизүү жана башка «кас аракеттерди» сүрөгөн.
78 жаштагы медиамагнаттын адвокаттары соттун чечими алдын ала белгилүү болчу деп айтышат.