Кочкордо жол кырсыгынан 10-класстын эки окуучусу каза болду
Нарын облусунун Кочкор районунда 8-февралга караган түнү жол кырсыгынан райондогу Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектептин 10-классынын эки окуучусу каза болду.
Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кочкор райондук ички иштер бөлүмү боюнча Жол коопсуздугунун башкы башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Аблабек уулу билдирди. Анын сөзүнө ылайык, өспүрүмдөрдүн бири Kia үлгүсүндөгү машинени айдап чыккан жана автоунаада жалпы үч окуучу болгон. Кырсыктан кийин үчөө тең Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип...