Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы уу калдыкты тазалоо башталат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагындагы уу калдыкты тазалоо иштери башталарын билдирди. Буга байланыштуу Орусиянын “Росатом” мамлекеттик ишканасы менен баасы 321 миллион рублден ашкан келишимге кол коюлганын маалымдады.
“2025-жылы “Росатомдун” адистери бул объектиде техникалык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен бул жерди акырындык менен коопсуз абалга келтирүү чечими кабыл алынган. Келишимдин баасы 321 миллион 648 миң рублди түзөт.