Пакистанда мечиттин жанындагы жардыруудан 31 кишинин өмүрү кыйылды
Пакистандын борбору Исламабад шаарындагы шии мусулмандарынын мечитинде жума намазы окулуп жатканда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 31 адам каза болду. Бул тууралуу полиция билдирди. Жаракат алгандардын саны 160 ка жетти.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө мечиттеги жерге төшөлгөн килем канга боёлуп, айнектери сынып, ар кандай калдыктар чачылып жатканын көрүүгө болот.
Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн борбор шаарда мындай жардыруулар сейрек кездешет. Ошол эле учурда, серепчилердин айтымында,...