2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт
5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту.
Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы өткөрө албай турганын жарыялады.
Акыркы жылдары АОК үчүн кышкы Азия оюндарын өткөрө турган өлкө же шаар табуу олуттуу көйгөйгө айланды.