Быйыл Орозо 19-февралда башталат
Быйыл Орозо айы 19-февралда башталарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Мындай чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешинде кабыл алынды.
Тараба намазы 18-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окула баштайт.
Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.