Кыргызстанда жатак абактар жоюлат
Кыргызстанда жатак абактарды толук жоюу боюнча чечим кабыл алынганын Юстиция министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, жатак абактарын жабуу чечимдери этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин мындай колониялардын биринчи тобу жабылган.
28-январь күнү жатак абактардын экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.
Маалыматта жатак абактардын жоюлушу мамлекеттик башкарууну...