Кыргызстандык 16 жаран өкмөттүк программа аркылуу Түштүк Кореяга иштегени кетти
3-февраль күнү Кыргызстандын 16 жараны Түштүк Кореяга өкмөт аралык программа аркылуу иштөө үчүн кетти. Алар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун EPS программасы аркылуу жиберилгенин аталган министрлик маалымдады.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аларга кетээр алдында 5 күндүк семинар уюштуруп, иштөө чөйрөсүнө ылайыкташуу, корей элинин маданиятын, тарыхын тааныштырды. Ошондой эле окууда болочок эмгек мигранттарына жүрүм-турум эрежелери...