Сержио Гор АКШ кыргызстандыктарга виза тартибин катаалдатканына түшүндүрмө берди
АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор Кыргызстан Американын виза тартиби катаалдашкан өлкөлөрдүн тизмесине кирип калганына түшүндүрмө берди. Ал 4-февралда Бишкекте "Борбор Азия + АКШ" форумунда сүйлөгөн сөзүндө бул мыйзамсыз миграцияга байланыштуу аргасыздык болгонун айтты.
Вашингтондун өкүлү АКШнын администрациясы акыркы убактарда миграция көзөмөлүн күчөтүп келе жатканы - кайсы бир мамлекеттерге каршы эмес, улуттук коопсуздукту камсыздоо максаты экенин белгиледи....