Автоунааларды техникалык кароо Президенттин иш башкармалыгына өттү
Президент Садыр Жапаровдун 31-январдагы жарлыгы менен Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тагыраак айтканда, техникалык кароо аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна карайт.
Мамлекет башчысы бул чечимди өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту...