HRW: 2025-жылы Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөдү
2025-жылы Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга карата куугунтук күчөп, жарандардын сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу 4-февралда жарык көргөн Human Rights Watch уюмунун жылдык баяндамасында айтылат.
HRW белгилегендей, жыл ичинде бир нече журналист жана укук коргоочу “сөз эркиндигине байланышкан кылмыштар” боюнча айыпталып, соттолгон. Апрель айында укук коргоочу Рита Карасартова Facebook баракчасына жарыяланган катка байланыштуу кармалып...