Президент Жапаровдун популизм тууралуу сыны, парламентте айтылган каяша
Кундузбек Сулайманов депутаттык топтун лидери катары 10 мүнөттүк убакыт алып, атайын билдирүү жасады.
Садыр Жапаровдун сынына жооп берип жатып, айдоочуларды даярдоону өзгөртүүдө коомчулуктун пикири эске алынышы керектигин, болбосо нааразылык көбөйөрүн, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда чыңалуу жараларын айтты.
"Биздин негизги милдетибиз - элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткандан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин нааразылыктарын эске алуу менен мамиле кылуу керек.