Шашылыш билдирүү: Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөт
5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусуна, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-февралда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.