Автомектеп маселеси: Маматалиев аткаруу бийлигине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды
Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев айдоочуларды даярдоо жана автомектептер боюнча реформаны ишке ашырууда аткаруу бийлигине мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтып чыкты. Бул тууралуу 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.
“Баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин башында президент турат, Камчыбек Кыдыршаевич турат. Анан эмне, ал экөө жасап жаткан нерселерди жаман деп айта алабызбы? Же алар жасаган иштер башкача көрүнүп, аягы жаман бүтүп жатабы? Келиңиздер, ишенели. Аягына чейин чыдайлы.