Президент Жапаров Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде эки жана көп тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 4-февралда АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен жолушугууда белгиледи.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, тараптар кыргыз-америка саясий жана экономикалык кызматташтык, транспорт, санариптештирүү, финансылык технологиялар, жасалма интеллект жана саламаттыкты сактоо тармактары боюнча сүйлөштү.