Ливияда Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи киши колдуу болду
Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи өлтүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары, араб телеканалдары кабарлашты. AFP агенттиги маалыматты Каддафинин туугандарына жана кеңешчисине шилтеме кылып жазды.
Саудиялык Al Hadath телеканалы маалымдагандай, 53 жаштагы Саиф Каддафини Ливиянын батыш тарабындагы Зинтан шаарынан алыс эмес жерде, өзүнүн багынан атып кетишкен.
Саиф Каддафи – Ливияны 1979-жылдан 2011-жылга чейин башкарган Муаммар Каддафинин экинчи уулу. Саиф мамлекеттик расмий кызматтарда иштеген эмес...