Президент Жапаров автомектептер маселесин көтөргөн депутаттарды сынга алды
Президент Садыр Жапаров өкмөттүн айдоочуларды даярдоодогу реформасы боюнча маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаттарын сынга алды. Бул тууралуу ал 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна барган учурда айтты.
Жапаровдун белгилешинче, айрым депутаттар бул маселени териштирбей туруп, “элге жагыныш үчүн ал маселенин туура-катасына карабай сүйлөп коюп жатышат”.
“Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетем. Бир нерсени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп...