Кыргызстанда QR аркылуу төлөмдөр 908 млрд сомду түздү
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда QR аркылуу 525.1 млн төлөм жүргүзүлүп, жалпы суммасы 908.6 млрд сомду түзгөн. Бул 2024-жылкы суммадан 10 эсе көп. Ошондой эле QR аркылуу төлөм жүргүзүүлөр 8 эсе көбөйгөн.
Башкы банктын маалымдашынча, ушул тапта соода жана тейлөө тармактарында 114.1 миң QR-код орнотулган.
"Санарип төлөөгө жапырт өтүү накталай эсептешүүлөрдүн үлүшүн азайтат, экономиканын ачыктыгын жогорулатат, бизнес менен жарандардын финансылык кызмат алуусу жеңилдейт.